Футбол боюнча Испания курама командасынын жана "Барселонанын" мурдагы жарым коргоочусу Хави бул сезондун бүтүшү менен карьерасын жыйынтыктай турганын айтып чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Ал "бул мен үчүн оюнчу катары чыккан акыркы сезон. Бирок машыктыруучу катары мени келечекте кандай нерселер күтүп жатканын билгим келип жатат" деп билдирген.
39 жаштагы футболчу катарлык "Аль-Садд" клубунда ойноп жаткан. Бул клубга ал 2015-жылы өткөн эле. Кийинки сезондо дал ушул команданын машыктыруучусу болору айтылды.
Хави Испания курама командасы менен 2010-жылы Дүйнө чемпиону, 2008 жана 2012-жылы Европанын чемпиону болгон. "Барселона" үчүн 1998-жылдан тартып 2015-жылга чейин ойноп, Чемпиондор Лигасын 4 ирет, Испания чемпиондугун 8, Испания Кубогун 3 жана Испаниянын Суперкубогун 6 жолу жеңип алышкан. 4-апрелде "Аль-Садд" клубунун курамында ойноп Катардын чемпиондугун жеңип алышкан.