Ырчы Кубаныч Ажыбаевдин апасы каза болду

Ырчы Кубаныч Ажыбаевдин апасы Сайрагүл Жумакадыр кызы каза болду. Маалыматты төкмө акын Баян Акматов ырастады.

Кубаныч Ажыбаевдин апасы 61 жашта эле. Ал Нарын районуна караштуу Эмгек-Талаа айылында жашап келген. Үч уул, үч кызды тарбиялап өстүргөн. Бүгүн, 3-майда жерге берилди.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Сайрагүл Жумакадыр кызынын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

3-май ырчы Кубаныч Ажыбаевдин туулган күнү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан