2-майга караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын алкагында испаниялык "Барселона" клубу англиялык "Ливерпулду" кабыл алып, талаа ээлери ири эсепте жеңишке жетишти.
Беттештеги жалпы 3 голдун экөөсүн "Барселонанын" аргентиналык жылдызы Лионель Месси жаратты. Муну менен Месси өзүнүн клубдук карьерасындагы голдорунун санын 600гө жеткирди. Мындай жетишкендикке ал туптуура 14 жылда жетишти. Чабуулчу каталондук клубдун катарындагы алгачкы голун 2005-жылы 1-майда испаниялык "Альбасете" клубуна каршы оюнда жараткан.
5 жолку "Алтын топ" сыйлыгынын ээсинен 14 жыл ичинде 76 клуб жабыркаган. Алардын сап башында турган "Севильянын" дарбазасына Месси 36 жолу гол киргизсе, "Атлетико Мадридге" каршы оюнда 29, "Валенсияга" каршы 27 жолу айырмаланган. 4-орунда жайгашкан "Барселонанын" башкы атаандашы "Реал Мадрид" клубу чабуулчудан 26 жолу жабыр тарткан.
Ал эми европалык клубдардын арасынан футбол жылдызынын "сүймөнчүгүнө" айлангандар Англиянын командалары болуп эсептелет. Бул клубдар менен болгон оюндарда ал 26 гол жаратканга жетишкен.
Лионель Месси "Барселонанын" курамында 2004-жылдын 16-октябрында дебют жасаган. Бул аралыкта 683 беттеш өткөргөнгө жетишип, испан клубу менен биргеликте 4 жолу Чемпиондор Лигасын, 10 жолу өлкө чемпиондугун жана башка көптөгөн мелдештерди жеңип алган. Ошондой эле 5 жолку "Алтын топ", 5 жолку "Алтын бутса" сыйлыктарынын ээси.