Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 9-класстын окуучусу токко урунуп каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуучу 28-апрель күнү каза болгон.
"Бул окуя кокустан болгон. Анда бала мончого от жагам деп колундагы темири ток бар жерге тийип, ток урган. Ошондой эле баланын ата-энеси эч кимге доосу жок экенин айтып, медициналык экспертизадан баш тартышты",- деп билдирет басма сөз кызматы.