Айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук боюнча агенттиктин жана Кыргызгидрометтин өкүлдөрү америкалык адистер менен абанын сапатын текшерүүчү жабдууларды талкуулашты. Бул тууралуу АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, элчилик Кыргыз өкмөтү менен биргеликте абанын сапаты боюнча техникалык жабдуулар менен алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн кароону улантмакчы.
"Бул жабдуу абадагы майда бөлүкчөлөрдүн курамын так аныктайт. Элчилик алган маалыматтар AirNow сайтында көрсөтүлөт. Ага ылайык, абанын адамдын ден соолугуна зыяндуулугун аныктаса болот", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.