30-июль күнү саат 20:30 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районундагы Исфайрам дарыясынын жээгиндеги көлгө 17 жашар бала чөгүп кеткен. Ал 1996-жылы туулган, Кызыл-Кыя шаарынын Турду уулу Кубаныч аттуу тургуну болгон. Издөө иштерине ӨКМнын республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 6 куткаруучусу менен катар жергиликтүү жашоочулар тартылган. Денеси табыла элек, учурда издөө иштери жүргүзүлүүдө.