Жол кырсыгына кабылган орусиялык ырчы МакSим эсине келип, аны менчик учак менен Москва шаарына алып келишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар ырчынын менеджерине таянып жазып чыгышты.
Маалым болгондой, МакSимди 3-май күнү Москва шаарындагы клиникалардын бирине алып келишкен. Ырчынын менеджери Маргарита Соколованын айтымында, МакSим балдары, апасы менен көрүшкөн. Учурда ал өзүн мурдагыдан дагы жакшы сезип жатканын кошумчалаган.
МакSим мындан үч апта мурда чет өлкөлөрдүн биринде аэропортко бара жатып жол кырсыгына кабылган. Кырсыктын кесепетинен ырчы эс-учун жоготкону, эсине келе электиги айтылган.