Уругвай сулуусунун жансыз денеси мейманканадан табылды

"Уругвай сулуусу-2016" сынагынын жеңүүчүсүнүн жансыз денеси Мехикодон табылды. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, анын жансыз денеси мейманканалардын биринен табылган.

Маалым болгондой, 31 жаштагы Фатими Давила Мехикого жумушка орношуу үчүн 23-апрелде барган. Моделдик карьерасы баштала электе анын жансыз денеси мейманкананын жуунуучу бөлмөсүнөн табылган.

Учурда полиция Фатими Давиланын өлүмү боюнча эки божомолду айтууда. Бири - ал суицид жасаган болушу мүмкүн, экинчиси - киши колдуу каза табышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
JENTLEMAN
2019-05-04 11:52:18
Салуулар четинен өлүп жатышатко, же сулуулуктарына көз тийдиби экен?)))
+7
Kairat1996
2019-05-04 12:06:50
Фигурасы зынк болчу экен да. Кайран сулуу болчу экен. Далай мырзалар ашыкса керек да.
+3
Wibee
2019-05-04 12:11:22
Kairat1996,көз тийди дейсинби
+2
bond02
2019-05-04 12:22:31
Оох 2чи фото.
0
pat12
2019-05-04 12:35:30
Латын Американын кыздары сулуу болот. Озгочо Бразилия жана Аргентинанын кыздары абдан сулуу болушат.
0
Nur777
2019-05-04 13:42:45
О какие умные,целых 2 вариантты айтышыптыр,1озуно озу кол салды,2киши колдуу болду деп))
Ушу 2варианттан башка кайсы вариант болот эле?Же озу олот же бироо олтурот да)))) Ооругандай картан эмес да..
+19
asdef
2019-05-04 21:27:38
Nur777,Синоптиктер эртен точно жамгыр жаайт же жаабайт дегендей эле болуптур да
+4
Nur777
2019-05-04 22:15:18
asdef,ооба да
0
katerina.li
2019-05-04 13:45:55
Татынакай кыз экен
Жаткан жери жайлуу болсун
+1
CuMBoJI
2019-05-05 03:21:15
Учунчусу несчастный случай деп койгула
0
aszyma
2019-05-05 11:58:13
Биздин сулуу Таттыбүбү эжебизди да өлтүрүп эле койгон. Буну да өлтүрдү эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан