Тайвандын тургуну "AirPods" зымсыз кулакчынын жутуп алды. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Бен Хсу аттуу Тайвандын тургуну түндө уктаар алдында кулакчын менен музыка угуп жаткан. Эртең менен турганда ал кулакчындын экинчи түгөйүн таппай калган. Бен Хсу телефонунан издөө функциясын иштетип, кулакчынды издеп баштаганда кызык окуяга туш болгон. Тагыраагы, сигнал анын ичинен чыккан.
Бул окуядан кийин ал ооруканага кайрылган. Дарыгерлер текшерүү жасап, кулакчын Бен Хсунун ашказанында экенин аныкташып, кулакчын табигый жол менен чыгып кетерин билдиришкен. Бен Хсу организмди тазалоочу каражаттарды ичкенден кийин кулакчын чыгып кеткен.