Бишкекте этно стилдеги сейил бак курулууда

Бишкек шаарындагы Анкара жана Виноградный көчөлөрүнүн кесилишинде этно стилдеги сейил бак жасалууда. Бул тууралуу "Бишкек жашылдандыруу" ишканасынын басма сөз катчысы Аида Айдаралиева маалымдады.

Анын айтымында, учурда сейил бакты куруу иштери кызуу жүрүп жатат.

"Азыркы тапта "Бишкек жашылдандыруу" ишканасынын жумушчулары бир нече архитектуралык конструкцияларды жыгачтан даярдап, орното баштады. Бактагы отургучтар, селкинчектер жыгачтан жасалган. Ошондой эле башка конструкциялар дагы жыгачтан даярдалууда. Сейил бакты курууда "Бишкек свет" ишканасы сейил бакка электр жарыктарын орнотсо, "Тазалык" ишканасы брусчатка коёт.

Негизги иштер бүткөндөн кийин бактын ичине гүлдөрдүн түрү отургузулуп, ийне жалбырактуу дарактар тигилет. Этно стилдеги сейил бакка жакынкы Алтын-Ордо жана Кара-Жыгач конуштарынын тургундары келип эс алып кетишет. Бул сейил бак "Бишкек жашылдандыруу" ишканасы тарабынан курулуп жаткан алгачкы эмгек болуп саналат", - дейт маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Apyn8793
2019-05-05 16:09:42
Сонун болуп атыптыр. Азаматсынар!!!
+3
Tolkun555
2019-05-05 17:21:43
Азамвтсынар кыйылган дарактарды ушинтип иштетсе эмне учун болбосун?
+1
Mamiev
2019-05-05 22:13:18
Эң сонун онуго бер Бишкегим. Бирок канча миллион кетти деп чыгат экен.10 миллион кетсе жарымын сол чонтокко уруп коюшат да биздикилер. Анан эле эртеси кылмыш иши козголуп чыгат. Эмнеси болсо да ушундай жакшы жаңылыктарды чыгарып тургулачы кайдагы чет жактын ырчылары менен Анжелика Самараны чыгара бербей
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан