Жеңиш күнүнө карата көк бөрү боюнча өлкө биринчилиги өтүп жатат

9-Май - Жеңиш күнүнө карата көк бөрү боюнча өлкө биринчилиги өтүп жатат. Мелдеш Ош жана Ысык-Көл облустарында өтүп жатканын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Ат оюндары 4-майда башталып, 9-майда жыйынтыкталат. Биринчи лигада 16 команда ойнойт.

4-майда оюн талаасына чыккан командалар - "Кара-Ой Келечек" - "Төш Булак", "Алкан-Ата" - "Четинди", "Ак Суу" - "Тору Айгыр" жана "Көл-Төр" - "Соң Көл".

Ал эми бүгүн, 5-майда "Кабылан" - "Кара-Буура", "Атуул" - Жаш Күч", "Суусамыр Байтур" - "Аракет", "Ат Башы" - "Кыраан" командалары беттешти.

9-майда Жогорку Лигадагы “Ынтымак”, “Достук”, “Сары-Өзөн”, “Сары-Өзөн рассвет”, “Көк Жал” жана “Бакубат Талас” командалары арасында өзүнчө турнир өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
-ali
2019-05-05 23:38:33
Достуктан жакшы корсоткуч кутуп калабыз
+1
erjigit-e.15
2019-05-06 09:56:23
Достук командасы ийгилик.
Оштогу оюндар боюнча да маалымат жаза аласыздарбы?
+1
admin_portal
2019-05-06 10:20:47
erjigit-e.15, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан