"Голос. Дети" сынагынын шеф-редактору инфаркт оорусуна кабылды

Орусиядагы "Голос. Дети" сынагынын шеф-редактору Александр Подъяпольский инфаркт оорусуна кабылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Подъяпольскийдин жубайынын социалдык тармактагы билдирүүсүнө таянып жазып чыгышкан.

Белгилүү болгондой, Александр Подъяпольский 30-апрелде инфарктка кабылып, Москвадагы ооруканалардын бирине жаткырылган.

"Бул илдеттен корком. Мындан 4 жыл мурда дал ушул оорудан атам каза болгон. Мына эми Саша... Учурда анын абалы жакшы, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат. Жолдошумдун инфарктка кабылышына стресс себеп болгон", - деген жубайы Алёна Бородина.

Ошондой эле Александр Подъяпольскийдин жубайы бул окуяны жакында эле болуп өткөн "Голос. Дети" сынагындагы чууга байланыштыруунун кажети жок экенин айткан.

25-апрелде "Голос. Дети" сынагынын финалы менен суперфиналы өтүп, анда ырчы Алсунун кызы Микелла Абрамова жеңишке жеткен. Интернет колдонуучулары орундар сатылган деп сынактын жыйынтыгын катуу сынга алышкан. Буга байланыштуу "Биринчи канал" иликтөө жүргүзөрү маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан