Москвада абага көтөрүлгөн учак күйүп, жерге конду. Кырсыктан жабыркагандар бар

Москвадагы Шереметьево аэропортунан Москва-Мурманск каттамы боюнча учкан учак абага көтөрүлгөндөн кийин күйүп, кайра жерге конду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учак абага көтөрүлгөндөн кийин авариялык сигнал берген. Бирок жерге конууга жасаган биринчи аракет ийгиликсиз болгон. Кийинки аракетте учак күйүп баштаган.

Учактын жерге конуп жатканы видеого түшүп калган. Анда жүргүнчүлөрдүн күйүп жаткан учактан атайын трап менен түшүп жатканын байкоого, ошондой эле учак дээрлик күйүп калганын көрүүгө болот.

Азыркы тапта кырсыктын кесепетинен 6 адам жабыркаганы айтылууда. Өрт өчүрүүчүлөр өрттү өчүрүшкөн. Алдын ала маалыматтарга таянсак, өрт электр жабдыктарындагы мүчүлүштүктөн келип чыккан.

Учакта 72 жүргүнчү, 6 борт кызматкерлери жана экипаж мүчөлөрү болгондугу айтылууда.

Москвада учак абага көтөрүлгөндөн кийин күйүп, жерге конду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Aima94
2019-05-06 00:04:31
13 адам каза болуптур азыр ткз эфирден көрдүм
0
Avrora2017
2019-05-06 01:57:25
Жарылып кетпегени жакшы болуртур дагы, кудай сактасын мындайдан
0
ainura220888
2019-05-06 01:57:32
Биз азыр аэропорто отурабыз. Самолету задержали почти на 3 часа. 12 адам олду деп аткан болчу. Самолет куйгондо биз шереметьеводо болчук уже. Бир эле полоса иштеп атат ошого вылет задержка болуп атат. Шереметьевого кончу самолетор домодедовага конуп атыптыр.
+1
bessmertiy
2019-05-06 07:34:21
ainura220888, тилиң чайналат го
+5
Wibee
2019-05-06 03:42:14
кудай сактасын
+1
Ziregim
2019-05-06 04:03:00
Аллахым озун сакта
0
Chungyz
2019-05-06 04:26:47
41 адамды алып кетиптир ажал
+2
Krai
2019-05-06 12:59:56
Chungyz,ооба 41 адам деп жүрөт
+1
expert.007
2019-05-06 09:46:55
Учак конуп атканда самолёт жерге катуу урулуптур.
+2
kanatt
2019-05-06 13:44:46
Супер Инфо эмнеге маалыматтан артта жүрөсүңор көп жолу байкадым. Бул базар күнкү окуя жана азыркы убакта 41 адам каза болуптур.

+1
Эльвира Караева
2019-05-06 13:59:19
kanatt, саламатсызбы. Артта калбай эле, учак кырсыкка кабылары менен жазылган кабар бул. Ал мезгилде кырсыктан жүргүнчүлөр каза болгондугу жана канча адам каза болгондугу белгисиз эле. 41 адам каза болгону тууралуу кабар бул шилтемеде: https://www.super.kg/kabar/news/270845/
0
KG.Kushtarbek
2019-05-06 13:45:42
Азаттык оозу мурду кыйшайбай 41 адам деп жазыппы
0
Эльвира Караева
2019-05-06 13:59:50
KG.Kushtarbek, 41 адам каза болгону тууралуу кабар бул шилтемеде: https://www.super.kg/kabar/news/270845/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан