Москвадагы учак кырсыгынан каза болгондордун саны 41ге жетти. Учкуч кырсыкка чагылган себеп болгонун айтууда

Москвадагы учак кырсыгынан каза болгондордун саны 41ге жетти. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.

Белгилүү болгондой, учактагы жалпы 78 адамдын 41и каза болгон. Алардын бирөөсү экипаж кызматкери экендиги айтылууда.

Орусиянын саламаттыкты сактоо министри Вероника Скворцова билдиргендей, аман калган 37 адамдын төртөө экипаж кызматкери. Жалпысынан 19 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, 5 жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

Ал эми учактын командири Денис Евдокимовдун айтымында, кырсыкка учакка тийген чагылган себеп болгон.

"Жаңыдан абага көтөрүлгөндө учакка чагылган тийди. Мындан улам радио байланыш системи жарактан чыкты. Эрежеге ылайык, дароо учакты авариялык башкарууга өттүк. Өрт жерге конгондон кийин чыкты. Эмнеге андай болгонун түшүнбөй турам. Анткени учакты катуу ылдамдыкта кондурган эмеспиз", - деп билдирген учкуч.

Кырсык, 5-май күнү кечинде орун алган. Шереметьево аэропортунан Москва-Мурманск каттамы боюнча учкан SuperJet-100 учагы абага көтөрүлгөндөн кийин авариялык сигнал берип, кайра жерге конууга аргасыз болгон.

Москвада учак абага көтөрүлгөндөн кийин күйүп, жерге конду
Шереметьево аэропортунда учак кырсыкка кабылды
Москвадагы учак кырсыгы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Paprikafm
2019-05-06 08:30:27
Ээ аллахым, кырсыктан өзүң сактай көр, кече жабыркагандар жок деп жатышат элего, учактан түшүп чуркап кетип жатышат, неге автобус күтүп турбайт, жаш балдар да бар экен,
+3
Avrora2017
2019-05-06 08:54:01
Кече 13 деп атышкан, бугун 41 дейт кудай сактай кор
0
Wibee
2019-05-06 09:03:38
Кудай сактасын!
0
elchi84
2019-05-06 11:04:49
Кыргыз жарандары жок бекен Мурманскийде дагы кыргыздар коп иштейт эле.
0
Эльвира Караева
2019-05-06 14:31:42
elchi84, Москвадагы учак кырсыгынан жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок https://www.super.kg/kabar/news/270903/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан