Якутск шаарында бала бакчанын аянтчасында 8 жаштагы баланы баскетбол оюнундагы топ салуучу шакекче басып калып каза болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 5-майда жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00 чамасында бала бакчалардын биринин короосунда орун алган. Анда 8 жаштагы бала короосу ачык турган бала бакчанын оюн аянтчасына кирип ойногон. Ал баскетбол оюнундагы топ салуучу шакекчеге асылып чыгып, ойноп жатканда кулап кетип, баланын моюнун басып калган. Оор жаракаттан улам бала каза болуп калган. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.