Аргентинада бийиктиги 20 метрди түзгөн бузулуп калган аттракциондон 36 адам куткарылды

Аргентинада бийиктиги 20 метрди түзгөн бузулуп калган аттракциондон 36 адам куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жагымсыз окуя 5-майга караган түнү Сан-Хуан аймагында орун алган. Анда "Молот" аттракциону абага көтөрүлүп, эң жогорку бийиктикке чыккандан кийин иштен чыгып калган. Натыйжада 36 адам абада 4 саат турушкан, алардын айрымдары башы менен ылдый карап турган абалда болгон.

"Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчү жана куткаруучулар келип, аттракциондогу адамдарды куткарышкан. Учурда тиешелүү мекемелердин кызматкерлери аттракционду иштеткендердин документтерин жана лицензиясын текшерүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jalgyzym...
2019-05-06 14:57:13
Этият болуш керек ишенич жокта.Сактыкта кордук жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан