Москва шаарында орун алган учак кырсыгында адамдардын каза болушунун негизги себеби айрым жүргүнчүлөрдүн жүктөрүн сактап калуу аракети болгон. Мындай маалыматты айрым орус басылмалары жазышууда.
Белгилүү болгондой, жүктөрүн сактап калуу аракетин көргөн жүргүнчүлөрдөн улам тыгын жаралып, арткы бөлүктө отурган жүргүнчүлөр сыртка чыга албай калышкан.
"Учак жерге урунары менен күйө баштаган. Башаламандык жаралып, айрым жүргүнчүлөр өздөрүнүн жүктөрүн издөөгө киришкен. Учуунун алдында экипаж кызматкерлери инструктаж өткөрүп, авариялык учурларда өзүн кандай алып жүрүү тууралуу айтып беришет. Бирок дүрбөлөңгө түшкөн жүргүнчүлөр кырсык учурунда эрежелерге көңүл бурушкан эмес", - деп жазылат маалыматта.
Окуя 5-май күнү кечинде орун алган. Шереметьево аэропортунан Москва-Мурманск каттамы боюнча учкан SuperJet-100 учагы абага көтөрүлгөндөн кийин авариялык сигнал берип, кайра жерге конууга аргасыз болгон. Учактагы жалпы 78 адамдын 41и каза болуп, алардын бирөөсү экипаж кызматкери экендиги айтылууда.