КРнын Орусиядагы элчилиги кыргызстандык жарандын орусиялык футболчу тарабынан өлтүрүлүшү боюнча калыс иликтөө жүргүзүүнү Орусиядан өтүндү

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандык жарандын орусиялык футболчу тарабынан өлтүрүлүшү боюнча калыс иликтөө жүргүзүүнү Орусиянын укук коргоо кызматкерлеринен суранды. Орусиянын тергөө органдарынын маалыматына ылайык, аталган кылмыш ишин иликтөө ушул жылдын күз айларында аягына чыгат. Ал эми элчилик бул иштин калыс жүргүзүлүшүн катуу көзөмөлгө алган. Эске сала кетсек, ушул жылдын 23-майында Москва шаарында 1991-жылы туулган Кыргызстандын жараны А. Майлибаевди орусиялык футболчу Рекуднов Михаил бычактап салып, кыргызстандык жаран каза болгон. Бул факты боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камалган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
eldiyarmacho
2013-07-31 19:35:46
озу эмне болгон экен. Орустардын айтымына караганда Орус футболчусу озун само защита Кылган деп атат адвакаты баш болуп. . Эмне себеп тен болгонун кененирек кабарлап койсонор. эгер бул туралуу малымат болсо шилтемесин берип коюнуздарчы сураныч
0
admin_superstan
2013-08-01 10:09:30
eldiyarmacho, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Кошумча маалымат берүүгө аракет кылабыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан