Кыргыз мушкери Кямран Аббасов Индонезияда өткөн эрежесиз уруш боюнча мелдеште атаандашын нокаутка учуратты

4-майда Индонезиянын Жакарта шаарында ONE FC уюмунун "One Championship: For Honor" аталган эрежесиз уруш боюнча мелдеш өттү.

Жалпы 13 беттеш орун алган беттеште Кыргыз мушкери Кямран Аббасов UFC`нин мурдагы мушкери япониялык Юшин Оками менен кез келди. 2-раунддун 70-секундасында Аббасов атаандашын нокаутка учуратып, калыс беттешти токтотту. Жыйынтыгында Кыргыз мушкери ONE FC уюмунун алкагында 2-жолу жеңишке жетишти. Буга чейин ал малайзиялык мушкер Агилан Танини жеңип алган.

Япониялык мушкер Юшин Оками UFC уюмунун алкагында 21 беттеш өткөрүп, 8 жолу жеңишке жетишсе, 13 жолу жеңилип калган. Ал эми Кямран Аббасов үчүн бул жалпы 25 беттештин ичинен 21-жеңиши болду.

Кямран Аббасов "One Championship: For Honor" мелдешинде жеңишке жетишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
souza.j
2019-05-06 13:21:26
Алга Абасов!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан