Өткөн суткада Кыргызстанда 16 өрт кырсыгы катталды
30-июлда Кыргызстанда 16 өрт кырсыгы
катталганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Чүй облусунда 2, Жалал-Абад
облусунда 3, Ош облусунда 3, Баткен облусунда 1, Бишкек шаарында 7 өрт кырсыгы
орун алган. Өрттүн кесепетинен каза тапкандар болгон жок, келтирилген чыгымдар такталууда.