Дем алыш күндөрү футбол боюнча өлкө чемпиондугунун 5-туру орун алды.
Бишкек, Ош жана Кара-Балта шаарларында өткөн беттештерде "Илбирс" клубу конокто "Кара-Балтадан" күчтүү чыкса, "Алай" өз талаасында "Абдыш-Атаны" жеңди. Ал эми "Алга" - "Академия Лидер" беттеши 3:2 эсебинде жыйынтыкталса, "Дордой" клубу Кыргыз Премьер-Лигасынын 1-орунунда келе жаткан "Нефтчини" ири эсепте жеңип алды.
Жыйынтыгында 13 упай топтогон "Дордой" чемпиондуктун лидерлигине кайтып келсе, "Алай" жана "Нефтчи" клубдары 12 упай менен 2-жана 3-орундарга жайгашты. Акыркы саптан 5 оюндун баарында жеңилип, бир да упай топтой албаган "Кара-Балта" командасы орун алды.
Беттештердин жыйынтыгы:
4-май:
"Кара-Балта" - "Илбирс" - 3:1
Голдор: Кадырбек Шаарбеков 62-мүнөттө, Абай Боколеев 69-мүнөттө, Рустам Майрамбек уулу 85-мүнөттө, Аманжан Жаныбек уулу 74-мүнөттө.
"Алай" - "Абдыш Ата" - 1:0
Голдор: Мирбек Акматалиев 5-мүнөттө.
5-май:
"Алга" - "Академия Лидер" - 3:2
Голдор: Олувасен Алерива 19-мүнөттө, Ороз Тимур уулу 26-мүнөттө, Максат Алыгулов 73-мүнөттө, Жоодарбек Мамиев 91-мүнөттө, Кусан Рашидов 93-мүнөттө.
"Дордой" - "Нефтчи" - 3:0
Голдор: Эрнист Батырканов 33-мүнөттө, Кайрат Жыргалбек уулу 50-мүнөттө, Вахыд Оразсахедов 90-мүнөттө.
5-турдан кийинки Кыргыз Премьер-Лигасынын жадыбалы: