Европада уурдалган жүк ташуучу унаа Бишкектен табылды

Интерполдун Кыргызстандагы Улуттук борбордук бюросу (УББ) германиялык кесиптештери менен биргеликте өлкө аймагынан Германияда уурдалган унааны табышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт. УББга Германиядан уурдалып, 6 айдан бери издөөдө жүргөн SCANIA чиркелүүчү арабаларды сүйрөөчү тракторунун Кыргызстандын аймагына айдалып кеткендиги тууралуу оперативдүү маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат тастыкталып, УББ Чүй ОИИБи жана КРнын Чек ара кызматы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам аракеттеринин натыйжасында Бишкектин Борбордук бажысынын аймагынан уурдалган унаа табылып отурат. Учурда бул факты боюнча тергөө жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurkojo
2012-11-25 01:21:46
Кызыык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан