9-Май - Жеңиш күнүнө карата көк бөрү боюнча өлкө биринчилиги өтүп жатат. Мелдеш Ош жана Ысык-Көл облустарында өтүп жатканын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Ат оюндары 4-майда башталып, 9-майда жыйынтыкталат. Биринчи Лигада 16 команда ойнойт.
Бүгүн, 6-майда оюн талаасына чыгуучу командалар:
10:00. Төш-Булак - Алкан-Ата
11:30. "Ак-Суу" - "Көл-Төр"
13:00. "Бакубат-Талас" - "Сары-Өзөн Рассвет"
14:30. "Көк-Жал" - "Сары-Өзөн"
16:00. "Кара-Буура" - "Жаш-Күч"
17:30. "Аракет Сын-Таш" - "Ат-Башы".
9-майда Жогорку Лигадагы “Ынтымак”, “Достук”, “Сары-Өзөн”, “Сары-Өзөн рассвет”, “Көк-Жал” жана “Бакубат Талас” командалары арасында өзүнчө турнир өтөт.
Ал эми төмөндө кечээ, 5-майда орун алган беттештердин жыйынтыгы:
"Кабылан" - "Кара-Буура" 7:9.
"Атуул" - "Жаш Күч" 3:12.
"Ынтымак" - "Бакубат-Талас" 14:7.
"Достук" - "Көк-Жал" 21:2.
"Суусамыр" - "Аракет" 2:3.
"Кыраан" - "Ат-Башы" 3:4.