Москвадагы учак кырсыгынан каза болгон 22 жаштагы экипаж мүчөсү ким?

Москва шаарындагы учак кырсыгынан каза болгондордун тизмеси белгилүү болду. Транспорт министрлиги тарабынан каза болгондордун жакындарына 1 миллион рубль өлчөмүндөгү компенсация төлөнүп берилери тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, каза болгон 41 адамдын экөө балдар болсо, бири 22 жаштагы борт коштоочу Максим Моисеев болгон.

"Учактын алдында жана артында 2 эшиги болгон. Эвакуация иштери алдыңкы эшиги аркылуу жүргүзүлгөн. Моисеев куткаруу иштерин ылдамдатуу максатында учактын арткы эшиктерин ачууга аракет кылган. Бирок өрттөн улам ал максатына жеткен эмес", - деп айтылат маалыматта.

Моисеев менен бирге аскерде кызмат өтөгөн адам анын борт коштоочу болуп иштеп баштаганына 2-3 жыл болгонун, алгач аскер адамы болууну эңсеп жүрүп, бирок кызмат өтөгөндөн кийин оюн өзгөртүп, жарандык авиация тармагына өткөндүгүн айтып берген.

Кырсыктан каза болгон жүргүнчүлөрдүн тизмеси:

Окуянын чоо жайы:

5-май күнү Шереметьево аэропортунан Москва-Мурманск каттамы боюнча учкан SuperJet-100 учагы абага көтөрүлгөндөн кийин авариялык сигнал берип, кайра жерге конууга аргасыз болгон. Буга чейин учактагы жалпы 78 адамдын 41и каза болгондугу айтылды. Айрым маалымат булактары жүктөрүн сактап калуу аракетин көргөн жүргүнчүлөрдөн улам тыгын жаралып, арткы бөлүктө отурган жүргүнчүлөр сыртка чыга албай калышканын жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nur777
2019-05-06 16:33:21
Кобусу багажына жуткунушуп убакытты кармашты дейт(((((
Борт-проводник Моисеев арткы эшикти ачып бир топ адамды чыгарып улгуруптур,озу тилекке каршы чыга албай калыптыр акырында...
Жаткан жерлери жайлуу болсун,жакындарына сабыр берсин,Пусть земля будет пухом!
+15
Sprite
2019-05-07 15:21:25
Ошон учун адамдар тируулуктун кадырын билип,сый мамиледе,бири бирибиздин кемчилигибизди чукубай,ушак кылбай,жашообузга киришпей,жаман жолго баспай жакшы жашашыбыз керек,бул омур отор кетер беогисиз бир муноттордо.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан