Ош шаарындагы ун саткан кампада 27 жаштагы эркек киши асынып алган. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, маркум 2-май күнү өзү иштеген кампага асынып алган.
"Өзүн-өзү өлтүрүү боюнча факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет", - деп билдирет басма сөз кызматы.