Белгилүү актёр Марат Козукеевдин жаркын элесине арналган футболдук мелдеш өттү

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Козукеевдин жаркын элесине арналган футболдук мелдеш өттү. Иш-чара кечээ, 5-майда Бишкектеги футбол талааларынын биринде өттү.

"Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры жана "Дем" театрынын жалпы жамааты өздөрүнүн демилгеси менен Марат Козукеевдин элесине арнап турнир уюштурду. Футболдук турнир уюштуруунун негизги максаты - өлкөбүздөгү театрлардын ынтымагын бекемдөө.

Футболдук мелдешке мүмкүнчүлүгү болгон театрлардын өкүлдөрү катышып, 1-орунду Кыргыз киносу, 2-орунду Нарын облустук музыкалык драма театры, 3-орунду Бишкек шаардык драма театрынын артисттери камсыздады", - дейт Кыргыз улуттук академиялык драма театрынан.

2017-жылдын 8-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, театр жана кино актёру Марат Козукеев мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Ал эмгек жолун Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында актёр, режиссёр жана көркөм жетекчи болуп иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aman-moskva
2019-05-06 21:37:35
Жакшы киши эле жаткан жери жайлуу болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан