Украинанын Башкы прокуратурасы президент Петро Порошенкону суракка чакырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Порошенко "Евромайдан" окуясынын күбөсү катары суракка чакырылган.
Башкы прокуратуранын атайын иликтөө башкармалыгынын башчысы Сергий Горбатюк: "Бул кылмыш ишине өлкө башчы экинчи ирет күбө катары чакырылды. Ошондой эле Петро Порошенкодон биринчи сурактагы протоколго кол коюушу күтүлүүдө. Сурак 7-май күнү саат 10:00дө болот деп", - билдирген.
Биринчи сурак 2016-жылдын ноябрь айында болгон. Бирок Петро Порошенко анда сурактын протоколуна кол коюудан баш тарткан.
Украинада 30-апрелде президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгып, Володимир Зеленский президент деп жарыяланган.