Сузакта 3,5 гектар эгин талаасы өрттөндү

30-июлда Жалал-Абаддын Сузак районундагы Үч-Эмчек айылына караштуу 3,5 гектар айдоо аянты өрттөнүп кеткенин ӨКМ билдирет. Ал эми 29-июлда Базар-Коргон районундагы Таш-Булак капчыгайында 7 гектар талаа өрттөнгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгым такталууда. ӨКМ күндүн кескин ысышына байланыштуу Талас, Лейлек, Аксы, Нарын, Базар-Коргон, Токтогул, Жети-Өгүз районундагы токойлордо өрт чыгуу коркунучу жогору экендигин билдирип, жарандарды сак болууга чакырат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан