Баткен облусунун Кадамжай районунда 30-июлда көлгө чөгүп кеткен 17 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Чоң-Алай районунун 1996-жылы туулган Кубаныч Турду уулу аттуу тургуну 30-июль күнү саат 20:30 чамасында Исфайрам дарыясынын жээгиндеги көлгө чөгүп кеткен. Издөө иштери бүгүн, 31-июлда да улантылып, саат 09:00гө жакын Кубанычтын жансыз денеси табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.