Москвадагы учак кырсыгынын негизги версиясы айтылды

5-майда Москва шаарынын Шереметьево аэропортунда SuperJet-100 учагынын кырсыкка кабылышынын себеби учкучтардын катачылыгынан улам болушу мүмкүн. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.

Орусиянын тергөө комитетинин өкүлүнүн айтымында, мындай версия учакты кондуруу учурундагы пилоттордун иш аракеттерин изилдеп чыккандан кийин жаралган.

"Учак күйүүчү майды түгөтүп жетишпегендиктен салмагы оор болуп, катуу ылдамдыкта жерге урунган. Мындан улам шасси салмакты көтөрө албай сынып кетип, май куюлган бакка тийген. Натыйжада өрт чыккан. Учурда экипаж мүчөлөрү ооруканада дарыланып жатышат. Жакын арада суракка алынышат. Мындан сырткары диспетчерлердин аткарган жумуштары да иликтенип жатат. Алар да өз милдетин так аткарбай, өзгөчө кырдаал учурунда ыкчам реакция жасашкан эмес деген шек пайда болууда", - деп билдирген тергөө комитетинин өкүлү.

Айрым маалымат булактарына таянсак, учак кырсыкка кабылганда пилот жерге конууга шашпай, абадан эле күйүүчү майды төгүп, анын салмагын жеңилдетиши керек экендиги жазылууда. Эксперттер SuperJet-100 учагы абадан майды төгүп салууга ыңгайлашкан эмес дешет. Ошол себептен учактын кыймылдаткычы иштеп турганда абада кармала туруп, майдын бир аз көлөмүн иштетип анан жерге конууну ойлонсо болмок дешүүдө.

Ал эми Тергөө комитети кырсыктын негизги 3 версиясын карап расмий маалымат берип жатат:

Биринчиден, учкучтарда, диспетчерлерде жана борттун техникалык абалын көзөмөлдөгөн адистерде квалификациянын жетишсиздиги, экинчиден, учактын техникалык жактан бузук болушу, үчүнчүдөн, учууга ыңгайсыз аба ырайы.

Окуянын чоо-жайы:

5-май күнү Шереметьево аэропортунан Москва-Мурманск каттамы боюнча учкан SuperJet-100 учагы абага көтөрүлгөндөн кийин авариялык сигнал берип, кайра жерге конууга аргасыз болгон. Буга чейин учактагы жалпы 78 адамдын 41и каза болгондугу айтылды. Алардын бири 22 жаштагы борт коштоочу Максим Моисеев болгон. Айрым маалымат булактары жүктөрүн сактап калуу аракетин көргөн жүргүнчүлөрдөн улам тыгын жаралып, арткы бөлүктө отурган жүргүнчүлөр сыртка чыга албай калышканын жазышууда.

Шереметьево аэропортунда учак кырсыкка кабылды
Москва-Мурманск багытындагы учак кырсыкка кабылды
Москвадагы учак кырсыгы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
taalay25
2019-05-07 11:28:00
Корунуп эле турбайбы ручной кладтарын колдорунда. Аны алабыз деп артагыларды тосуп калды да. Самолёттун ортосу тар бир эле киши анан отот
+2
bond02
2019-05-07 11:59:49
Ашыкча майды кантип туготот, биздин кыргыздар болсо экен ишкананын машинасынын майын оз машинасына куюп же сатып жибере турган.
-1
Baku88
2019-05-07 21:30:17
bond02, кыргыздардан айланып садага кет
0
Bodibilding
2019-05-07 12:00:37
Учактан жукторун алып чыккандардын баарын камаш керек ошолорду деп канча Адам каза болуп калды.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан