Мексикада учак кырсыкка учурап, 13 адам каза болду

Мексикада учак тоолуу аймакка кулап, 13 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кырсык тоолуу Окампо аймагында орун алган. Анда Bombardier Challenger 601 аталыштагы бизнес-джет 5-май күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:30да аэропортко конмок, бирок тоолуу аймактын үстүнөн учуп баратып кырсыкка кабылган.

"Учактын ичиндеги жүргүнчүлөр Лас-Вегас шаарында мексикалык мушкер Сауль Альварес катышкан мушташтан кайтып келатышкан. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча кырсык учакка чагылган тийгенден улам болгон. Учактын ичиндеги 10 жүргүнчү жана экипаждын 3 мүчөсү каза болду", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан