Эйфель мунарасынын жанында жайгашкан турак үй 220 миллион еврого сатыкка коюлду

Франциянын борбор калаасындагы Эйфель мунарасынын жанында жайгашкан турак үй сатыкка коюлду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, аянты 10 миң 500 чарчы метрди түзгөн 6 кабат үй 220 миллион еврого бааланган.

"Көп кабаттуу үй XV-XVII кылымдарда курулган. Андан Эйфель мунарасы жана Сена дарыясы көрүнүп турат. Коюлган баа эң акыркы баа эмес. Соодалашуу мүмкүнчүлүгү бар", - деп жазылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, турак үй толугу менен франциялык улгайып калган эже-сиңдилерге таандык.

Эл аралык Knight Frank консалтинг компаниясынын маалыматына ылайык, 2019-жылы Париж шаары Мадрид жана Берлин шаарлары менен биргеликте дүйнөдөгү кыймылсыз мүлккө коюлган баасы эң жогорку шаарлардын катарына кирген. Бирок туристтердин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоодо шаар конокторунун 29 пайызы Париж алар элестеткендей кооз эмес экенин белгилеп, Франциянын борбору теле экрандардан көрсөтүлгөндөн бир топ айырмаланарын айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2019-05-07 09:15:37
Озундун айылындагы мектебин менен айылга кире бергендеги кооздука эч нерсе жетпейт го.
+1
aibars
2019-05-07 21:52:33
rysik79, Туура айтасын;) айылга кирип бара жатканда краскасы бир аз очуп кыйшайып айылындын аты жазылып турса жан дуйнон эбегейсиз бакытка ээ болот.;)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан