Орусиянын Пенза шаарындагы 20 мектепке хиджаб кийип барууга тыюу салынды

Орусиянын Пенза шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы шаардагы 20 мектепке окуучулардын формасына өзгөртүү киргизүүнү талап кылды. Ага ылайык, мектептерге хиджаб жана башка диний көз карашка байланыштуу кийимдерди кийүүгө тыюу салды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары прокуратурага шилтеме берүү менен жазып чыкты.

"Прокуратура мындай тыюуну экстремисттик ишмердүүлүккө каршы негиз жана жашы жете электердин укуктарын сактоо максатында кабыл алды. Учурда федералдык мыйзамдар светтик билим алууга басым жасайт жана мамлекеттик жалпы билим берүү мекемелеринде диний көз караштарды кармангандар үчүн билим алуу мүмкүнчүлүгү каралган эмес", - деп айтылат маалыматта.

Текшерүү иштеринин алкагында тартиптик жоопкерчиликке 12 мектептин директору тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Ka2sr1
2019-05-07 10:48:55
Туура. Мектепке диний фанатизмди жолотпош керек. Болбосо билимдин баркы жоголот. Бугун кыздарына хиджап кийгизет, эртен арабтарды туурап кыздарын озунчо болуп окутабыз деп арабчыл - фанаттар чыгышат. Диний тушунукту мектептен алыс кармаш керек. Колдон келсе мектепте окуучуларды маданий, ыр, музыка, искуствого аралаштыруу керек.
+13
Gisi
2019-05-08 14:45:20
Ka2sr1,теңирчилер жыргапсыңарда а мээң менен силердин маңкурттар
0
yrmat88
2019-05-07 11:18:18
Хиджаб кыздардын эркин мумкунчулугун чектейт. Арабтарды туурайбыз деп араб аялдарынын кейпин кийип калбагыла. Аравия, Пакистан, Афганистандагы кыздардын абалын карап коргуло. Коомдо экинчи сорт катары корушот. Аялдарга хиджабты тануулап, коп тыйууларды киргизип коюшкан. Дин менен аялдарды коомдо остурбой коюшкан.
+9
katerina.li
2019-05-07 11:40:45
yrmat88,экинчи сорт эмес жыйырманчы сорт,вообще сорт эмес кыз келиндер ал жакта. Адам катары корушпойт.
+4
pat12
2019-05-07 11:57:06
Ишенимде диний атрибутка жана танулоо деген болбош керек. Динчилдер окуган намазынарды башкага тануулаганды токтоткула же намазды бироого милдет кылбагыла.
+1
Avrora2017
2019-05-07 14:35:32
pat12,туура айтасыз, жогорудагы комментариилерге да кошулам, диний фанатизм карангылыка тартат коомду
+5
Aikaaaa
2019-05-07 14:43:30
Туура, мектеп деген мектептей, өзүлөрүнүн талап кылган формасында жүрүү керек. Служба службой, дружба дружбой
+5
filis
2019-05-07 15:10:20
Хиджаб оронгондун баары ыймандуу эмес. Адептуулук хиджабта же сакалда эмес, журокто гана болот. Биздин арабчыл динчилдер арабтардын символун хиджабты сакалды ж.б даназалап журушот.
+6
suban78
2019-05-07 22:22:11
Хиджаб кийбей эле ыймандуу журсо болот да. Ал арабдардын жер шартына, аба ырайына ылайыкташкан кийим. Ислам дини адамдын ден соолугун биринчи орунга койгон дин, ошондуктан Арабияда, чолдуу жерде шамал сапырып чыккан чандан, кумдан, ыссыктан сактануу учун кийилет. Биздин жер шартта зарылчылыгы жок ал кийимдин.
+7
abdyldaeva.a.97a
2019-05-10 13:19:39
обтяжка шым , мини юбка, топиктер да европаныкы болот , кыргыздыкы эмес , кыргыз кыздары илгертен чачын жайып аржак бержагы корунгон кийим кийген эмес ,ичип алып тун ортосу гаишниктер менен мушташкан эмес , кочодо чегип турушкан эмес, аял экспонат эмес жабык журуш керек эне болот анткени.
+1
keba300989
2019-05-13 13:02:46
abdyldaeva.a.97a, 100% кошулам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан