Сериалдан "ляп" чыкты. "Так талашуу оюнунун" жаратуучулары көрүүчүлөрдү 2 жаатка бөлдү

"Так талашуу оюну" сериалынын көрүүчүлөрү кайрадан 2 жаат болуп бөлүнүшүүдө. Айрымдары сериал жаратуучулардын шалаакылыгына ачуусу келсе, башка бөлүгү өзгөчө "реквизитке" күлүшүүдө.
Кептин баары жакында эле жарык көргөн сериалдын финалдык сезонунун 4-сериясы тууралуу болуп жатат. Анда көрүүчүлөр "Starbucks" фирмасынын кофе куюлуучу стаканын байкап калышкан. Тасмага эч кандай тиешеси жок стаканды сериянын 18-мүнөтүндө көрүүгө болот. Стакан Түн Ханынын жеңишине арналган майрамда Дейнеристин алдында туруп калган.
Интернет колдонуучулар белгилүү компания Винтерфеллге жеткенин айтып күлүшсө, айрымдары кино жаратуучулардын көңүл коштугуна нааразы болушкан. Ал эми көрүүчүлөрдүн кайсы бир бөлүгү бул жашыруун жарнама экенин айтып чыгышкан.
Белгилүү сериал 2011-жылдан баштап жарык көрүп келет. Ал эми 2018-жылы аталган тасма "Эмми" сыйлыгынын 22 номинациясында жеңүүчү деп табылап, "Эң мыкты драмалык" сериал наамын алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
boston___
2019-05-07 11:22:57
ун чыкпайле коробер байкамаксан болуп
-1
bond02
2019-05-07 11:55:40
Ал нерсеге эмне башынарды оорутасынар, жакпаса корбогуло жакса стаканга маани бербегиле.
-1
nur_zhoni
2019-05-07 21:35:47
Жакшы кино каждый понедельник интернетке чыгат жаны сериясы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан