Белгилүү дарбазачы Икер Касильяс ооруканадан чыкты. Дарыгерлер мындан ары ал карьерасын уланта албай турганын айтышууда

"Порту" футболдук клубунун дарбазачысы Икер Касильяс ооруканадан чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, дарыгерлер 37 жаштагы футболчуга алдыдагы бир нече ай атайын режимди сактоону сунушташкан.

"Мен башымдан оор күндөрдү өткөрдүм. Ал күндөр артта калганына кубанып жатам" деп билдирген Касильяс.

1-май күнү дарбазачы машыгуу учурунда өзүн начар сезип ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын инфаркт оорусуна кабылганын айтышкан.

Оюнчунун кардиологу Хуана Антонио Корбалананын билдирүүсүнө ылайык, дарбазачы ден соолугуна кам көрөм десе, профессионалдык карьерасын жыйынтыктоосу зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан