9-Май - Жеңиш күнүнө карата көк бөрү боюнча турнир өтүп жатат. Мелдеш Ош жана Ысык-Көл облустарында өтүп жатканын Көк бөрү федерациясынан билдиришти.
Ат оюндары 4-майда башталып, 9-майда жыйынтыкталат. Биринчи Лигада 16 команда ойноп жаткан болсо, Жогорку Лигада 6 команда биринчи орун үчүн ат салышууда.
Бүгүн, 7-майда Биринчи Лигадагы "Алкан-Ата" - "Көл-Төр" командалары кез келип, "Көл-Төр" командасы 4:1 эсебинде жеңишке жетип, финалга жолдомо алды. Ал эми финалга чыкчу дагы бир команда "Кара-Буура" - "Ат-Башы" командаларынын беттешинен кийин аныкталмакчы.
Ал эми Жоргорку Лиганын 3-турдагы оюндарынын алкагында бүгүн "Ынтымак" - "Сары-Өзөн Рассвет" командасы менен кез келсе, "Достук" командасы "Сары-Өзөн" менен беттешет.
Оюндардын убактысы:
Саат 13:00дө "Ынтымак" - "Сары-Өзөн Рассвет";
Саат 14:30да "Достук" - "Сары-Өзөн".