Жеңиш майрамына карата көк бөрү боюнча турнир: Биринчи Лиганын финалчылары аныкталды

Жеңиш күнүнө карата көк бөрү боюнча республикалык турнирдин Биринчи Лигасынын финалдык беттешинде "Көл-Төр" командасы менен "Кара-Буура" командасы кез келмекчи.

Буга чейин "Алкан-Ата" - "Көл-Төр" командалары кез келип, "Көл-Төр" командасы 4:1 эсебинде жеңишке жетип, финалга жолдомо алды. Ал эми экинчи оюнда "Кара-Буура" - "Ат-Башы" командалары беттешип, "Кара-Буура" 5:2 эсебинде жеңишке жетти. Натыйжада 9-майда өтүүчү финалдык беттеште "Көл-Төр" - "Кара-Буура" командалары биринчи орун үчүн ат салышат.

Жеңиш күнүнө карата көк бөрү боюнча Өлкө биринчилиги Ош жана Ысык-Көл облустарында өтүп жатат.

Ат оюндары 4-майда башталып, 9-майда жыйынтыкталат. Биринчи Лигада 16 команда ойноп жаткан болсо, Жогорку Лигада 6 команда биринчи орун үчүн ат салышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан