"Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун борбордук көчөсүнүн абалы абдан начар. 9-Май Жеңиш күнүнө карата даярдык көрүштү окшойт, чуңкурларды топурак, шагыл менен толтуруп чыгышты". Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.
"Р.Ибраимов атындагы көчө борбордук көчөлөрдүн бири. Дал ушул көчөдө райондук администрация баш болгон мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык объектилер жайгашкан. Жолдун жээктеринде таштанды салуучу челектер өмүрү болгон эмес. Антейин десең көчөнүн өзүнүн абалы зээнди кейитет. Жайдын ысыгында унаанын терезелерин ачып айдоо мүмкүн эмес. Чаң-топуракка ичи толуп, көздөгөн жериңе аң-чөнөккө түшүп атып араң жетесиң.
Кечээ, 6-май күнү "Тазалык" муниципалдык мекемеси аң-чөнөктү эптеп топурак менен толтуруп чыкты. Бир жолу жаан жаап, унаалар ары-бери өтүп койсо эле толтурган чуңкурлары кайра ачылып калат. Мындан улам аймактарды өнүктүрүү жылы деген ураан жөн гана кагаз жүзүндөгү кеппи деп ойлойсуң", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.