Коньки менен муз үстүндө чуркоочулардын эл аралык союзу дүйнө жүзүндөгү муз үстүндө бийлөөчү эң мыкты спортчулардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, аталган тизмеде орусиялык 2 спортчу бар. Дүйнө чемпиону Алина Загитова тизменин биринчи сабында көргөзүлсө, дагы бир орусиялык спортчу Евгения Медведева үчүнчү орунга жазылган. Ал эми 2-орунга япониялык Сатоко Мияхара татыктуу болгон.
Мындан сырткары рейтингде орусиялык спортчулар Станислава Константинова 9-орунга, Софья Самодурова 10-орунга жана Елизавета Туктамышева 13-сапка жазылышкан.
Айта кетсек, Алина Загитова Япониянын Сайтама шаарында өткөн муз үстүндө бийлөө боюнча дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү болгон.