Чолпон-Атада өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык турнирде "Достук" жана "Сары-Өзөн" командаларынын оюнчулары Манас Ниязов жана Нурбек Юсупов уруша кетти.
Улакчылар урушун ат үстүндө баштап, кийин "Сары-Өзөндүн" оюнчусу Нурбек Юсупов аттан түшүп, мамиле чечүүгө киришкен.
Андан соң 2 команданын оюнчулары келишип, бири-бирин камчы менен чапкылап жиберишти. Көп өтпөй калыстар урушту басып 2-тайм аяктаганын айтып, оюнчуларды эс алууга коё беришти.
Азыркы тапта эсеп 5:3. Алдыда "Достук" командасы келе жатат.