SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү обончу жана аткаруучу Түмөнбай Колдошовдун "Сезимдеги аккорддор" аталышындагы концерти менен толукталды. Концерт ушул жылдын 30-мартында Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болуп өткөн.
"Сезимдеги аккордор" аталышындагы жеке концертиме көп деле даярданган жокмун. Тагыраагы, сахнанын жасалгасы жана башка деп чуркаган жокмун. Бирок аткара турган ырларыма аябай маани берип, репертуарыма жаңы ырларды коштум. Концерттин биринчи бөлүгүндө бир гана аккардеондун коштоосундагы ырлар жаңырды. Ал эми концерттин жыйынтыктоочу бөлүгүндө эл баалаган ырчылар менен дуэт аткарууну максат кылгам. Ал оюм, максатым ишке ашты", - дейт ал.
Түмөнбай Колдошов 2015-жылы Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук филармониясында алгачкы концертин койгон.
Ырчынын концертине конок катары Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова, маданияттын мыкты кызматкери Аскат Мусабеков, Мээрим Карыпова жана ырчылар Айпери Кулбаева, Динара Тилекеева, Үмүтай Абдышева келишкен.
Ал эми алып баруучулук милдетти Мирлан Самыйкожо жана Керемет Сабыржанова аркалаган.
Ырчынын "Сезимдеги аккордор" концертин көрүү үчүн шилтеме.