Жаш режиссёр Караш Жанышовдун "Кош бол" кыска метраждуу тасмасы Германияда өткөн эл аралык кинофестивалда байгеге ээ болду. Бул тууралуу маалымат кинофестивалдын расмий сайтына жарыяланды.
Кыска метраждуу тасмалардын 65-эл аралык кинофестивалы Германиянын Оберхаузен шаарында 1-майдан 6-майга чейин өттү. Бул кинофестивалга жаш режиссёр Караш Жанышовдун тасмасы калыстардын атайын сыйлыгы менен сыйланды.
Белгилүү болгондой, аталган кинофестивалда жеңишке жетишкендер, сыйлыкка ээ болгондор эң беделдүү делген "Оскар" киносыйлыгына автоматтык түрдө номинант болушат.
Буга чейин "Кош бол" тасмасы "Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" деген жергиликтүү фестивалда баш байгеге ээ болгон.