Чолпон-Атада өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык турнирде уруша кеткен улакчылар Манас Ниязов менен Нурбек Юсупов элдешти. Бул маалыматты SUPER.KG порталына улакчы Манас Ниязов тастыктады.
Улакчы оюнда мындай учурлар болуп турарын айтып, Нурбек Юсупов менен элдешкенин билдирди.
Бүгүн, 7-майда Чолпон-Атада өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык турнирде "Достук" жана "Сары-Өзөн" командаларынын оюнчулары Манас Ниязов жана Нурбек Юсупов уруша кетишкен. Улакчылар урушун ат үстүндө баштап, кийин "Сары-Өзөндүн" оюнчусу Нурбек Юсупов аттан түшүп, мамиле чечүүгө киришкени жазылган.