Аргентинада айлыгы жетпей эротикалык сүрөттөрүн интернет булактарында саткан департаменттин кызматкери жумуштан алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Аргентинадагы Ла-Плата департаментинин кызматкери Соня Пелиццари өзүнүн эротикалык сүрөт жана видеолорун сатканы үчүн жумуштан кетирилген.
"28 жаштагы кызматкер айлык акысы эч нерсеге жетпегендиктен ушундай кадамга барганын түшүндүргөн. "Айлыгым жетпейт, ошол себептен эротикалык тасмаларга жана сүрөттөргө түшүүгө аргасыз болдум" деп айткан ал өз билдирүүсүндө", - деп жазылат маалыматта.