Чемпиондор Лигасында дүрбөлөң салган "Ливерпуль" 2005-жылдагы ийгилигин кайталай алабы?

7-майдан 8-майга караган түнү болуп өткөн "Ливерпуль" - "Барселона" беттеши Чемпиондор Лигасын, дегеле бүтүндөй футбол дүйнөсүн дүрбөлөңгө салды.
Дүйнөдөгү мен-мен деген футбол серепчилеринин божомолу оңунан чыкпай, каталондуктардын күйөрмандары аң-таң болуп турган кез. Дегенибиз, Юрген Клопптун оюнчуларынын эрки Мессинин сыйкырынан алда канча күчтүү болуп чыкты.
"Камп Ноуда" 0:3 эсебинде утулган кызылдардын финалга жолдомо алуу мүмкүнчүлүктөрү Мохаммед Салах жана Роберто Фирминонун алган жаракаттарынан улам кескин кыскарып кеткен. Бирок буга карабастан оюндун алгачкы мүнөттөрүндө эле "Барселона" клубунун оюнчулары конокто өзүн эркин сезе албай жаткандыгын алардын кетирип жаткан жөнөкөй каталары көрсөтүп турду.
Албетте, "Ливерпуль" кандай гана жол менен болбосун бул беттешти жеңүүгө болгон аракетин жумшады. Алгач Жорди Альбанын катасын мүмкүнчүлүк катары колдонгон кызылдар Дивок Ориги киргизген гол менен эсеп санын ача алышты. Эсеп санын ачканга жетишкен оюнчулар 1-бөлүктүн аягына чейин каталондуктардын дарбазасында көп ирет кооптуу абал жаратышты.
Өзүнүн ийгилигине ишене баштаган "Ливерпулдун" оюнчулары оюндун 2-бөлүгүндө эч ким күтпөгөндөй, болуп көрбөгөндөй мыкты деңгээлдеги оюнду "Энфилде" чогулган күйөрмандарына тартуулады. Жоржиньо Вейналдумдун оюндун 54-мүнөтүндө киргизген голу эсеп санын 2:0гө өзгөртүп, кызылдарга жаңы дем берди.

Шыктанып калган Вейналдум өз ийгилигин кайталап оюндун 56-мүнөтүндө кайрадан гол киргизгени "Барселонанын" жеңишке болгон үмүтүн өчүрдү.
Ал эми Трент Александер-Арнольд аткарган бурчтан чыгарып берүү ушул эле оюндун эмес, бул сезондогу Чемпиондор Лигасынын эң кооз учуру болду окшойт. Көптөр топтун ойнотулушун күтүп жаткан маалда анын ачык турган Оригиге чыгарып берүүсүн көпчүлүк күткөн эмес. Ошентип оюндун 79-мүнөтүндө бул оюнда жылдызы жанган Ориги өзүнүн 2-голун атаандашынын дарбазасына киргизди.

Бул оюн менен кызылдар жеңишке болгон умтулуу, чыныгы командага таандык болгон дем жана эң негизгиси эрк бар экенин далилдей алышты.
"Ливерпуль" командасы акыркы жолу Чемпиондор Лигасынын кубогун 2005-жылы жеңген. Анда кызылдар финалда "Милан" клубу менен кез келген. Оюндун негизги убактысында беттеш 3:3 эсеби менен аяктап жеңүүчүнү пенальтилер сериясы аныктаган.

Буга чейин "Ливерпуль" командасы Чемпиондор Лигасынын кубогуна 1977, 1978, 1981, 1984-жылдары ээ болушкан.
2018-жылы аталган клуб Чемпиондор Лигасынын финалына чейин жеткен. Анда испаниялык "Реал Мадрид" клубу менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартышкан.
Юрген Клопптун командасы кайрадан Чемпиондор Лигасынын мыкты клубу атала алабы же былтыркы сезондой финалда жеңишти колунан алдырып жибереби, убакыт көрсөтөт.

Чемпиондор Лигасынын финалдык оюну 1-июндан 2-июнга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 1:00дө башталат.
"Ливерпуль" 2005-жылдагы ийгилигин кайталай алабы?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
KYRGYZ_bolson_BRAT
2019-05-08 16:12:03
Ливерпуль ты просто прелесть ты просто космос!!!
+7
salimbek87.kg
2019-05-08 16:47:12
Алга ливерпуль ийгилик буйруса чемпион
+5
Syimyk.isaev
2019-05-08 18:20:53
Мен Ливерпулдун жеңгенине сүйүнгөн жокмун,барса күйөрмандарынын оозун жаап койгонуна сүйүндүм. Унутпагыла Реал өз формасына кайтып келет, тарыхты алтын тамгалар мн жазышка!
0
Modric10
2019-05-08 18:58:12
Ливерпуль барсаны шерменгул эле кылды. Барса ыргып ото кубанычтамын.ажап болду
+1
Esenali
2019-05-09 11:09:25
Modric10,реалчы
-2
demo009
2019-05-08 20:07:57
Мессинин оозу ачылып эле калды го жаныбар
-2
Bale1111
2019-05-08 20:22:20
Менин оюмдагыдай оюун болду Ливерпуль алга
+1
admin_portal
2019-05-09 10:12:25
Boha1, коомдук адепти сактаңыз. Эскертүү!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан