Жеңиш майрамына карата көк бөрү боюнча турнир: "Сары-Өзөн" командасы Жогорку Лиганын коло медалын жеңди

Бүгүн, 8-майда кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан ат майданында Жеңиш майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык турнирдин оюндары өттү. Аталган оюндарда Жогорку жана Биринчи Лигадагы командалар 3-орун үчүн оюн өткөрүштү.

Алгач Биринчи Лигадагы Таластын "Алкан-Ата" жана Нарындын "Ат-Башы" командалары кез келишти. Бүйүр кызыткан беттештин жыйынтыгында оюн эсеби 3:0 болуп, таластыктардын жеңиши менен аяктады.

Андан соң оюн талаасына Жогорку Лигадагы Чүйдүн 2 командасы чыгып, 3-орун үчүн беттеш өткөрүштү. Буга чейин мыкты оюндарды көргөзүп келген "Сары-Өзөн" жана "Сары-Өзөн Рассвет" командалары бул ирет да кыл чайнашкан оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында "Сары-Өзөн" жеңишке ээ болду. Муну менен алар өздөрүнө Жогорку Лигада 3-орунду камсыз кыла алышты.

"Сары-Өзөн" - "Сары-Өзөн Рассвет" (3:1)

Кубаныч Султан уулу (1:0)

Кубаныч Султан уулу (2:0)

Кубаныч Султан уулу (3:0)

Темир Молдокулов (3:1)

Айта кетсек, Биринчи жана Жогорку Лигадагы 1-орун үчүн болгон оюндар эртең, 9-майда саат 11:00дө жана 15:00дө Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ат майданында өтөт.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан