Эрлан Андашев менен Ирина Шоттун Кыргыз өлкөсүнө арнаган чыгармасы "Супер хитке" кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күндөрү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун Эрлан Андашев менен Ирина Шоттун "Жаным, жаным" чыгармасы толуктады.

“Патриоттуулукту биринчи кезекте мен сүйүү демекмин. Мен элибизди, маданиятыбызды сүйөм. Анан, албетте, "Жаным, жаным" аттуу ырды Кыргыз өлкөсүнө арнадык”, - дейт Ирина Шотт.

1-МАЙДАН 8-МАЙГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ

10-орунга - Мирбек Атабековдун "Сүйөм сени" клиби эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орун - Турдакун Ниязалиевдин "Ак ниет" видеокомпозициясына буюрду.

8-орунду - Алмаз Шаадаевдин "Жаркыным" видеокомпозициясы камсыздады.

7-орунду - Самара Каримова менен Данияр Эрматовдун "Тунук сүйүү" клиби ээледи.

6-орунда - Кенже Дүйшеева менен Кубаныч Сатаевдин "Жан досум" видеоклиби жайгашты.

5-орунду - Нияз Абдыразаковдун "Жубайым" чыгармасы багындырды.

4-орун - Аваз Акимов менен Айдана Деканын "Жаным" видеоклибине буюрду.

3-орунду - Гүлжигит Сатыбековдун "Жаштык ыры" аталышындагы чыгармасы багындырды.

2-орун - Баястан менен Тамганын "Сени жактырам" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алды.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Мирбек Иманбеков менен Наргиза Айтемированын "Жаным" клиби эң көп добушка ээ болуп, бул аптанын жеңүүчүсү аталды.

Сүйүктүү видеоклибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан