Ырчылар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова наристесинин кыркын чыгарды

Таттуу түгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова кызынын кыркын чыгарып, наристеге таенеси ыроологон бешигин берди. Жакын адамдарынын катышуусунда өткөн чакан той тууралуу Нурлан Насип буларды айтып берди.

"Кызыбыз Дариянын кыркы кечээ, 7-майда чыкты. Дариянын таенеси небересине деп арнаган бешигин, жентегин алып келди. Жакын адамдарыбыздын курчоосунда кызыбызды бешикке салуу каадасы жасалды. Буюрса, жакында чоң жентек той өткөрөбүз", - дейт ырчы.

Чакан тойго ырчылардын өкүл атасы Урмат Усенов менен өкүл апасы Неля келген. Ошондой эле Урмат Усеновдун апасы дагы тойдун коногу болгон. Ырчы Неля социалдык тармактагы баракчасына өзүнүн кайненеси, Нурлан Насиптин апасы, Асел Кадырбекованын апасы менен чогуу түшкөн сүрөтүн илип, "миң жылдык кудайгылар" деп жазган.

Асел Кадырбекованын апасы Дарияны бешикке салуу каадасын жасап жатат
Нурлан менен Асел кызынын кыркын чыгарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Nurmatova.
2019-05-08 16:30:14
Эми чыктыбы кыркы?
0
Defend.
2019-05-08 16:43:21
Nurmatova., 27-мартта төрөлгөн, эсептеп көрсөң 40 күндөй эми болуптур
+1
pat12
2019-05-08 17:05:01
Асель сулуу айым.
+1
Erik2018
2019-05-08 17:30:50
Ырчылардан Неля жагат абдан мыкты аял. Билим деңгээли жогору, бардык тарабы төп келишкен турмушту бекем сактап Урматты зыңкыйган ырчы кылып койду. Башка ырчыларды корүп жүрөбүз кичине жашап ажырашып ит мышык болуп жатышат.
+8
senchi
2019-05-08 17:34:43
Куттуктайм бирок наристени эл көзүнөн алысырак кылгыла. Кирне кирет,азыр кичине наристенер.
+5
nazi25
2019-05-08 17:47:50
Жеңдери узун,этеги узун көйнөктөрдү кийишип,ыймандуулугун,аруулуугун көрсөтүшүптүр.Жакшынакай сүрөттөр.
+11
pat12
2019-05-08 19:21:12
nazi25,
Мага тыкан кийинген жагат. Жендери узун, этеги узун кийимдер жакбайт шалбырап ХХХХ шалбыларган кийимдерин кийип кереги жок.
-14
Umnitsa
2019-05-09 15:06:17
pat12, Шалбырабай эле жакшынакай эле болуп турат денеси жабылып
+2
mishonia8077
2019-05-08 18:05:01
Эми элдин баары туурайт.Алы жетсе да жетпесе да.Тоголок эмнелер турат.Ошолорду алпарабыз деп башташат.
+3
vikidiki
2019-05-08 19:46:37
Ден соолугу чын, ырыскылуу кыздардан болсун Дария наристе!
+6
vikidiki
2019-05-08 19:47:09
Суперчилер Нелянын апасы да турат го суротто. Аны эмне унуттунар?
0
rysik79
2019-05-08 20:55:08
Бешигинер бек болсун . Даагы да коооп балалуу болгула.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан