Бишкектеги дүкөндөргө уурулукка кирип жүргөн деген шектүү кармалды

Бишкек ШИИББинин криминалдык милиция кызматы бир канча тоноо иштерине шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-май күнү саат 21:00 чамасында белгисиз жаран борбордогу дүкөндөрдүн бирине каракчылык кылууга кирген. Ал сатуучуну бычак менен коркутуп, андан соң белгисиз тарапка качып кеткен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 202-берене "тоноо" боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам иликтөө иштеринде шектүү колго түшкөн. Ал 21 жаштагы О.А. аттуу жаран экени аныкталган. Кармалган жаран Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда шектүү борбордогу тоноо иштери боюнча көрсөтмө берип жатат.

Дүкөнгө кирген ууру
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан