Чүй облусунун Кемин районунда алдамчылыкка шектелип эки аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кемин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 79 жаштагы М.А. аттуу аял арыз менен кайрылган. Арызда эки аял көзү ачыктык жол менен анын ишенимине кирип, 42 миң сом жана 150 евро акчасын алып, белгисиз тарапка кетип калган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 204-берене "алдамчылык" боюнча иш козголгон.
Ыкчам-тергөө тобу бул окуяга шектүү катары 44 жаштагы К.Д. жана 58 жаштагы К.Ф. аттуу Токмок шаарынын тургундарын кармашкан. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда Кемин РИИБинин кызматкерлери шектүү аялдар ушул сыяктуу дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экенин текшерип жатат.
Эгерде кимде-ким сүрөттөгү аялдардан жабыркаса, Чүй ОИИББине төмөндөгү телефон номерлери аркылуу байланышып коюну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0702 54-32-27, 0702 51-98-06, 0703 73-73-23.